Президент С.Ш. Жээнбековдун Түркия мамлекетинде Ч.Т. Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналып чыгарыла турган альбомго жарыялана турган макаланын ДОЛБООРУ
Заманыбыздын улуу инсаны, залкар жазуучу жана ойчул Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 90-жылдык маарекеси бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде жогорку деңгээлде белгиленип жатат. Демек буну менен биз Чынгыз Айтматов Ааламдын адамы экендигин айта алабыз. А түгүл Кыргыз элинин даанышман уулу Чынгыз Айтматов демилгелеген Ысык-Көл форуму жакында Кыргызстанда Эл аралык деңгээлде уюштурулуп ага дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен илимпоздор жана коомдук ишмерлер келип катышышты.
Айтматовдун өзүнүн барында 1986-жылы, Кыргызстандагы Ысык-Көл жээгинде дүйнөнүн көрүнүктүү 17 интеллектуалы глобалдык цивилизациянын ошол учурдагы көйгөйлөрүн жана келечектеги тобокелчиликтерин талкулоо үчүн чогулган эле. Алар адамзаттын аң-сезими саясаттын туткунунда калып, ой жүгүртүүсү ядролук коркунучка кептелгенин, жер шарында адамдардын чогуу жашоо мүмкүнчүлүгү кризиске кабылганын сезишкен. Ушул улуу инсандар дүйнөлүк кырдаал үчүн ыктыярдуу жоопкерчиликти өздөрүнө алып, андан чыгуу жолун маданият айдыңынан издешкен. Маселени чечүү жолдору – экономикада, технологияда же саясатта эмес, адамзаттын аң сезимин өзгөртүүдө экенин ырастаган. Адамзатты глобалдык капсалаңдан сактап калуу үчүн ар кайсы маданиятка таандык болгон, түрдүү диний ишенимди тутунган, башка дүйнө таанымды алып жүргөн инсандар жаңыча ой-жүгүртүүсү зарыл экендигин далилдеген.
Цивилизациялык, улуттук айырмачылыктарына карабай, бирдиктүү аракеттенүү жана жаңычыл ойлонуу менен гана адамзат өзүн сактап калаарын тастыктаган. Кийин Айтматов өзү жазгандай, биринчи Ысык-Көл форумун өткөрүү орду – Борбордук Азия – глобалдуу проблемаларды талкуулоого абдан ылайыктуу мейкиндик деп табылган. Антени бул регион – ар кандай цивилизациялардын, улуттардын, диндердин, маданияттардын, айкалышы орун алган дүйнө жүзүндө өтө сейрек кездешчү чөлкөм. Тарыхтын ар кайсы мезгилинде, Борордук Азияда рим, түрк, иран, грек, араб, кытай цивилизациялары жайылган. Бул территория, фанатизм эмес, эркин ой жүгүртүүнүн мейкиндиги болгон. Орто Азия элдеринин менталитетинде көчмөндөрдүн улуу көчүнүн издери калган, сенек болбой, түбөлүк кыймылдын деми сезилип турган. Көп учурда Борбордук Азия дүйнөлүк тенденциянын башаты болуп, адамзаттын тарыхындагы жаңы этаптарды аңдап сезүүгө ыңгайлуу аймак болгон. Борбор Азиянын байыркы салтын улап, кыргыз жергесинде өткөн биринчи Ысык-Көл форуму – тарыхты, учурду жана келечекти түшүнүүнү жаңы деңгээлге чыгарды десек болот.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн, капитализм менен социализм тирешип турган доорго туура келген эл аралык нормалар эскирди. Дүйнөлүк карым-катнашты жөндөп туруу үчүн курулган институттарды жаңылоо зарылдыгы жаралды. Эски механизмдер менен жаңы келечекти куруу мүмкүн болбой калды. Жаңы мамилелерди, жаңы нормаларды, жаңы институттарды издөө жүрүп жатат.
Глобализация дүйнө мамлекеттерин айрым жактан окшош кылганы менен, көп айырмачылыктарды дагы тереңдетти. Батыштын бай өлкөлөрү менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-экономикалык ажырым азайган жок. Жер шарынын «алтын» миллиарды менен «ачка» миллиарды эки башка дүйнөдө жашап жатат. Кайрадан күчөп бараткан тирешүүлөр, логикалык согуштар , анын ичинде соода согуштары, миллиондоп жер оодарган качкындар – адамзаттын зор көйгөйүнө айланды. Терроризм менен экстремизмден коргонуу – ар бир мамлекеттин, дүйнө коомчулугунун күн тартибиндеги курч маселе болуп турат. Диндердин ортосундагы кагылышууларды болтурбоо, толеранттуу жашоого умтулуу, руханий жакырданууга жол бербөө – өтө актуалдуу глобалдык тема бойдон калды. Чынгыз Айтматов көрөгөчтүк менен көтөргөн маселелер – улам бузулуп бараткан экологияны коргоо, табият менен гармонияда жашоону камсыз кылуу, улуттар арасындагы биримдикти сактап, өлкөлөрдүн арасындагы интеграцияны сактоо – бүгүн да актуалдуу, ал тургай мурдагыдан дагы да курч мүнөзгө ээ болду. Жогоруда белгиленген маселелерди талкуулоо – бүгүнкү Ысык-Көл форумунун негизги максаттарына кирет деп эсептейм.
Чынгыз агабыз кылымдын кыйырына сереп салып, доордун тамырын тартып, келечегин аңдаган масштабтуу сүрөтчү эле. Журтубуздун башынан өткөн улуу өзгөрүштөрдүн дастанчысы, жарчысы болду.
Кыргыз эли – кандай кеменгер эл, кандай улуу калк экенин, асылдык жана айкөлдүк сапаттары каны-жанына сиңген санжыралуу журт экендигин бүт ааламга жар салган, гениалдуу уул, чыныгы патриот – Чынгыз Айтматов болду.
Өткөн заман тууралуу бүт билгендерин, жүрөгү менен сезип, акылы менен туйгандарын зор талант менен чагылдырып, урпактарга мурас кылып калтырып кетти.
Ал чыгармаларында негизинен кыргыз элинин турмушун жазды. Ааламга кыргыз образын, кыргыз мүнөзүн, кыргыз дүйнө таанымын жеткирди. Бирок кыргыздын жашоосу аркылуу жалпы элге адамзаттын тилегин, кубанычы менен көз жашын айткан жазуучу болду. Кыргыз элинин гениалдуу уулу кичинекей айылдан сапарга аттанып, кең ааламга канатын какты. Космос мейкиндигине, мухит тереңине, тарых сересине ой чаргытты. Дүйнөлүк маданияттын асманында жаркырап жанган жылдыз болду.
Технократтык идеяларга ашкере берилип кеткен, асылдык менен аруулуктан кол жууп бараткан адамзатка нечен эскертүүлөрүн жасады.
«Планетаны сактагыла, Жер-энени ыйык туткула!» деп ар дайым мурасын айтып, осуятын табыштап жүрүп өтүп кетти, Чынгыз агабыз! Айтматов « Баарыбыз бир кайыктабыз, биздин алдыбызда улуу космикалык мухит бар» деп айткан. Адамзат кайыгын бул мухитке чайпалтпай, дүйнөнү сактап калууну табыштады.
Залкар жазуучубуз – адабияттын гана өкүлү эмес, ойчул, философ, гуманист. Айтматовсуз дүйнөлүк маданият толук болбой, бөскөрө түшөт.
Улуу жердешибиз улуттук гана руханий лидер болбостон, планетардык масштабдагы интеллектуалдык элитанын дүйнөлүк акылмандардын катарын толуктап турат.
Айтматов мезгилдин руханий компасы катары дайыма келечекке жол багыттайт. Биз, кыргыздар сыймыктанчу, дүйнөлүк маданиятка кошкон салымыбыз – бул улуттук улуу эки дөөлөтүбүз «Манас» жана Чынгыз. Экөө тең адамзат үчүн кайталангыс уникалдуу, көөнөрбөс баалуулук экендиги шексиз!